super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Алишер Мамасалиев: "Президент же премьер-министр тандаган саясий кадрлар мамлекет башчыга болгон ишенимге таасир этет". АПТАСОБОЛ

 

Кечээ, 11-февралда президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына маек берген. Анда ал Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болгонго чейин анын былык иштерин билген эместигин айтты. Муну трагедия кылуунун кереги жоктугун билдирди. Ал кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керектигин белгиледи.

9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров да Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканын соцтармактагы баракчасына жарыялаган.

SUPER.KG порталы "Президент ылайыксыз кадрлар келсе, саат сайын алмашыш керектигин айтты. Ылайыктуу кадрлар келиши үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев президент же премьер-министр тандаган саясий кадрлар аларга болгон ишенимге таасир этерин айтты. "Президент же премьер-министр тандаган саясий кадрлар - алардын кесиптик сапаттары, саясий репутациялары сөзсүз түрдө мамлекет башчыга болгон ишениминин деңгээлине таасир этет. Тарых көрсөткөндөй, мындай ишенимдин чеги болот. Биздин учурда, бул бир жыл деп ойлойм. Эксперттик коомчулукту тарта баштоо жана кадрлар жана башкаруу үчүн аналитикалык борборлорду түзүүнү президентке сунуштайм. Алардын жардамы менен тез арада президенттик команданы түзүүгө киришүү керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: