"Ош базарындагы" орундугуна чапталып, аны коргогон аялга социалдык жактан колдоо көрсөтүлөт (сүрөт)




Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев "Ош базарында" көчөдө соода кылган, базарды иретке келтирүү учурунда товар жайган арабасын бербей жаткан видеосу тараган Алмакан аттуу аял менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соодагер аял Чыныбаевге Бишкектин Ленин районунда жашай турганын, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана документтери жоктугун айтып берген.
"Баарлашуу учурунда район башчысы Алмакан айымга Ленин районуна туруктуу каттоого тургузууга, документтерин алууга жана мындан ары муниципалдык администрация социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле, Алмакан айымга "Ош базарынын" ичинен соода оруну сунушталды",- деп жазылат маалыматта.
Буга чейин жумуш ордуна чапталып, аны коргогон аялдын видеосу кызуу талкууга алынган. Андан кийин ал SUPER.KG порталына абалын түшүндүрүп берген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
6

Комментарийлер(2)
Kari

13.02.2021. 00:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур.Жок дегенде бир уй булонун наны бутун болуптур.Калган элге да ошол жерде соода кылган кайсыдыр бир базардан орун берип,же базарды кенитип ,аларды да жайгарышы керек.
Taalaibek.

15.02.2021. 15:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Там деле берип койсо болмок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.