Түркиядагы Кыргызстан маданият күндөрү 2014-жылы өтөт
Түркиядагы Кыргызстан маданият күндөрү 2014-жылдын биринчи жарымында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев билдирди. “Түркиянын маданият министри менен болгон жолугушууда Кыргызстан маданият күндөрүн 2014-жылы жазында өткөрүү чечимине келгенбиз. Апрель же май айларында өтөт. Түркиялык тараптын суранычы боюнча датаны жылдырдык”,- деди министр. Буга чейин Кыргызстан маданият күндөрү Түркиянын 4 шаарында 1-10-октябрда өткөрүлөт деп айтылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

