super.kg logo
  Саясат  

Дастанбек Жумабеков: "Сооронбай Жээнбековдун кемчилиги коомчулукта айтылган кайрылууларга ошол убакта көңүл бурбай койгону болушу мүмкүн"

 

"Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кемчилиги коомчулукта айтылган кайрылууларга ошол убакта көңүл бурбай койгону болушу мүмкүн", - деп Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастанбек Жумабеков SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.

Долбоордун алкагында "Сиз мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетти башкарып турганда “Сооронбай Шариповичтин кемчилигин көрө албай жатам” деп айткансыз. Азыр деле ошол ойдосузбу?" деген суроо берилди.

"Мен Сооронбай Шарипович менен иштешкенде анын мамлекет, эл деп күйгөнүн баалап ошол сөздү айткам. Албетте, колдон келишинче аракеттерди жасадык. Турмуш деген ошол экен. Октябрда элдин толкундоосу менен бийлик алмашып кетти. Мен азыр депутат катары айтып кетейин, ошол убактагы биздин аракетибиз Кыргыз мамлекетин алдыга жылдыруу ниетибиз бар болчу. Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Эң негизгиси элдин ырыскысын, мамлекеттин байлыгын уурдаган жокпуз. Кемчиликтер болду. Ошонун туурасын кабыл алып оңдоого аракет жасадык.

Сооронбай Шарипович мамлекетке кыянаттык кылган жок. Кемчилиги коомчулукта айтылган кайрылууларга ошол убакта көңүл бурбай койгону болушу мүмкүн", - деди ал.


кошулду





#ГалстукТар Дастанбек Жумабеков: “Спикер бойдон калсам моралдык жактан туура эмес болмок“

Автор: Жылдыз Джускембаева, Айсалкын Качкынбекова, Жумабай Акимов
Оператор: Айбек Алимов, Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: