"Президент Жапаров айтып жаткан сандардан бир аз жаңылышып жатат. Анткени бул маселе такталып бүтө элек болчу. Мисалы, ал айтып жаткан 155 миллион сом сыртка чыккан, анан кайра ал акча 6 айдын ичинде өлкөгө кирген. Президент ошол акчаны "акча чыккан жана ал каражат шайлоодо бир партияга кетип калган" деп жатат.
Ал маселени борбордук эсептөө комиссиясы текшергенде, 155 миллион сом август айында келишимдин негизинде, бир жоопкерчилиги чектелген коомго берилген экен. Анан анда келишимдин кээ бир пункттары аткарылса, кээ бирлери аткарылган эмес. Андан кийин 155 миллион 6 айдын ичинде муфтияттын эсебине келип түшкөн. Ошол акчаны президент иштелип кеткен деп маалымат берип жатат. Бирок биз ал акчанын иштелип же иштелбегенин билбейбиз, негизгиси каражат кайтарылган.
Анан президент акчанын конвертация болгону тууралуу айтып жатат. Бирок конвертацияга бир аз тактоо коюш керек. Анткени ал учурда конвертация 77,50 болсо 6 айдан кийин 84 болуп, 6 сомдун тегерегинде өсүү болгон. Анда конвертация 15 сом деп айтылып жатат. Ал эми акча пайызга берилгенби ал да такталууда. Ошол эле учурда президент акчаны пайызга берип жүргөн деп айтып жатат. Бирок текшерүү азыр бүтө элек. Аны атайын Финпол текшерип жатканы менен мекеме текшерүүнүн жыйынтыгын бере элек. Ошондуктан президент бул маалыматтарды кайдан алып айтып жатат билбей жатабыз. Аны териштире турган орган бар.
Бул жерде президент маалымат берүүдө бир аз шашып койду. Себеби бул такталып жаткан процесс болчу, ал так маалымат берсе, өзүнө да жакшы болмок.
Ал эми 18 миллион доллар деген боюнча айтсам, былтыр ажылык болбой калган. Барбай калгандар 18 миллион сом банкка төгүшкөн. Анан акчалары бир жыл туруп калып 2 миңден ашык киши каражаттарын кайра кайрып алышкан. Ошондон 7,5 миллион доллар кайткан экен. 18 миллион доллардан 7,5 миң долларды алгандан калганы банкта турат. Ал жактан маселе жок, биз текшерип чыктык. Ал эми каражат партияга иштелип кеткен деген маалыматты да Жапаровдун өзүнөн сураш керек", - деди Нурдинов.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле 11-февралда экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарганы маалымдалган.