"Онлайн сабакка барбай базарларда, унаа жуучу жайларда иштешүүдө". Кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейд жүрдү (сүрөт)






Борбор калаада кароосуз калган жана кайыр сураган балдарды аныктоо үчүн рейддер уланууда. Тилекке каршы, айрым өспүрүмдөр кырдаалдан пайдаланып, онлайн сабакка барбай, сабактарды калтырып, базарларда, унаа жуучу жайларда, коомдук тамактануу жайларында жана башка жерлерде иштешүүдө. Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери Ички иштер башкармалыгынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте районду күндүзгү жана түнкү текшерүүдөн өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, күндүзгү рейддин жүрүшүндө кайыр сурап жүргөн кичинекей балдары бар эки аял аныкталган. Ошондой эле алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча протоколдор түзүлгөн.
"Түнкү рейддин жүрүшүндө, түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 6 өспүрүм аныкталды, алардын үчөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жагдайлар такталганга чейин жеткирилди, калгандары алардын ата-энелерине өткөрүлүп берилген.
Мындай окуялардын алдын алуу үчүн бардык балдар жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, ошондой эле Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Биринчи май райондук социалдык фонду мындан ары балдар менен иштөө жана көзөмөлдөө үчүн каттарды чыныгы жашаган жерине жөнөтөт. Балдарды коргоо боюнча рейддер уланууда", - дешти мекемеден.
Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдарды тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн өзүңүз гана жооптуусуз! Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер балдардын зордук-зомбулугуна же кайыр сурагандыгына күбө болсоңуздар, дароо милицияга (102), үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнө чалыңыздар:
Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгүль Солтонбаева;
Ленин району: 883899.0502021404 Нуриза Сталбекова;
Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи Май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишеним телефону: 111 Сураныч! Өзүңүзгө жана жакындарыңыздарга, балдарга кам көрүңүздөр!

