super.kg logo

Баткенде Совет жоокерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына арналган иш-чара өттү (сүрөт)

 

Баткен облусунда Совет жоокерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Ооган согушунун баатырларынын урматына арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, каза болгон жоокерлердин элесине багышталып куран окулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

"Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн белектерин тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ооган согушуна 7 миңден ашуун кыргыз жоокери катышып, алардын 300дөн ашууну курман болгон. Анын ичинен Баткен облусунун аймагынан барган 556 жоокердин 26сы кайтпай калган.

Учурда 450 Ооган согушунун катышуучусу арабызда. Ооган ардагерлери Ош коогалаңында, Баткен окуясында да алдыңкы сапта болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: