"Жардамыңызды четке какпаңыз, суранабыз!". Уламалар Кеңеши Орусиянын муфтийинен жардам сурап кайрылды
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Уламалар Кеңеши, дин кызматкерлеринин арасында түзүлгөн кырдаалдагы маселени чечүүгө Орусиянын муфтийинен жардам сурап кайрылган. Тийиштүү катка уламалар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев кол койгон.
Бул маалыматтын тактыгын аныктоо үчүн SUPER.KG порталы катта колу турган Уламалар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиевге байланышып, жооп ала алган жок. Атүгүл анын катчысынын да телефону өчүк болуп, байланышууга мүмкүн болбоду.
Ал эми Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов бул маалымат чын экенин тастыктады. Айтымында, мындай чечим 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинде кезектеги протоколдук жыйыны өтүп жаткан учурда кабыл алынган.
"Социалдык тармактарга тарап жаткан каттагы маалымат чын. Аалымдар кеңешинин кезектеги протоколдук жыйынында бул маселе каралыптыр, бирок ага мен катышкан эмесмин. Ошол жыйында кат да окулган экен. Бул кат Орусияга жөнөтүлгөн, анткени бул жактагы Аалымдар кеңеши каттын барганын билүү үчүн Орусиядан сураганда алар катты алышканын тастыктаган", - деди Нурдинов.
"Белгилүү болгондой, Кыргыз өлкөсүндө президенттик шайлоо болуп, бир жума мурун жаңы президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы болгон.
Бизди, руханий жамаатты, мусулмандарыбыздын руханий абалы тынчсыздандырат.
Чындыгында муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеп турганда биздин оюбузча, диндин салттуу негиздерине доо кетиши мүмкүн болгон көптөгөн олуттуу каталарга жол берген. Бул бүткүл Борбордук Азия аймагына таасирин бериши мүмкүн.
Өлкөнүн муфтиятынын айрым мыйзам бузуулары жөнүндө сизге маалымат беребиз жана алар кабыл алынбайт деп эсептейбиз. Тактап айтканда, социалдык тармактарда Максатбек Токтомушевдин өзү сүйлөгөн сөздөрү бар, ал жерде салафи агымын жана Таблиг Жамаатын ачык үгүттөп жатат. Бул биздин фундаменттерге жана салттуу динге карама-каршы келет.
Жакынкы арада өткөрүлө турган Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги курултайына, ал кызмат мөөнөтү аяктагандыгына карабастан уламалардын, салафиттик агымынын жана Таблиг Жамаатынын жактоочуларынын жаңы курамын кызуу даярдап жатат. Ал өлкөнүн руханий коомчулугунун башында калууга аракет кылууда.
Биз сизден жардам сурап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана жеке өзүңүз Кыргыз Республикасынын президентине кайрылууңузду өтүнөбүз. Урматтуу Шейх, биздин өлкөбүздүн мусулман диндарларынын арасында сиздин аброюңуз бийик. Биз региондогу салттуу пайдубалды бузушу мүмкүн болгон мындай көйгөйлөргө биздин бийликтин көңүлүн буруубуз керек.
Биз азыркы Уламалар кеңеши жана кеңештин төрагасы, сизден жардамыңызды четке какпаңыз деп чын жүрөктөн суранабыз", - деп жазылат катта.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле 11-февралда экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарганы маалымдалган.













1 |