super.kg logo

Жусуп Абдрахмановдун иш столу Тарых музейинин балансына өтөт (сүрөт)

 

Илимдер академиясы Жусуп Абдрахмановдун жеке столун Тарых музейине өткөрүп берет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жусуп Абдрахмановдун тарыхый зор мааниси бар жеке столу илимдин корифейлерине көп жылдар бою кызмат кылып келген.
"Өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесине таазим этип, Улуттук илимдер академиясы мамлекеттик ишмердин столун Мамлекеттик тарых музейинин балансына өткөрүп берет.

Бул столдо биздин аталарыбыз - Кыргыз Совет мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү отурушкан. Жакында Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракеси болот. Столдун болжолдуу жашы дагы 100 жашта”, - деген Улуттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров буга чейин “Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: