super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан польшалык Ишкердикти өнүктүрүү агенттиги менен кызматташууга кол койду

 

Кыргызстан польшалык Ишкердикти өнүктүрүү агенттиги менен кызматташууга кол койду. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Польшанын Котовице шаарында  өткөн кичи жана орто ишканаларынын 3-Европалык Конгрессинин алкагында кызматташтык боюнча документке кол коюлган. “Келишимдин негизинде Польша менен Кыргызстанда эмгектенген ишкерлер ортосундагы алаканы бекемдөө боюнча иш-чаралар, инвестицияны тартуу боюнча форумдар өтүп,  «B2B» форматында жолугушуулар өтөт”,- деди Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рима Апасова. Мындан сырткары Кыргызстан жылына дүйнөлүк  масштабдагы иш-чараларга катышып келерин, быйыл кичи жана орто ишканаларынын 3-Европалык Конгрессине 30  өлкөдөн 3 миң киши катышканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: