super.kg logo
  Саясат  

Жаңы Конституция элдин добушуна жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен бирге коюлат

 

Бүгүн, 13-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берди.

Анда мамлекет башчысына жаңы Конституциянын долбоорунун тегерегиндеги айтылып жаткан сындарга байланыштуу да суроо узатылды.

— Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Сын-пикир айткандар да жок эмес. Качан элдин добушуна коюлат?

- Албетте, сын пикирлер айтылбай койбойт. Беш кол тең эмес. Бирок башаламан башкарууга чекит коё турган Конституция болду. Бүгүнкү кадрдык башаламандыктар, ызы-чуулардын баары азыркы иштеп турган Конституция менен байланыштуу. Бүгүн үч "күч" бар. Парламент, өкмөт, президент жаңы Конституция кабыл алынса, баары бир тартипке түшөт.

Бизде тартип болбой эле койсун деген күчтөр бар. Ошолор элди дүрбөтүп, "кокуй эле кокуй мындай болуп калды, кокуй эле кокуй тигиндей болуп калды" деп элди адаштырганга аракет кылып жүрүшөт. Кемчиликтер болбой койбойт. Болсо дароо оңдоп кетип жатабыз. Иштебеген киши жаңылбайт дейт. Эң негизгиси мамлекеттин жалпы кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык чоң иштерде жаңылбасам болду. Ички майда-чүйдө пикир-келишпестиктер, кадрдык кемчиликтер өз убагы менен бүтөт. Трагедия кылыштын кереги жок. Кудай буюрса, жазга барып чоң-чоң иштер башталат.

Конституция элдин добушуна 11-апрель жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген үмүтүбүз бар. Жогорку Кеңеш алып чыгыш керек. Жергиликтүү кеңеш менен бирге өткөрсөк каражат үнөм болот. Казынадан ашыкча акча кетпейт. Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: