Эртеңден баштап "Айыл-чарбасын каржылоо-9" долбоору алкагында дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген насыя берүү башталат

Премьер-министр маалымдагандай, жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү алкагында Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан айыл-чарба техникасын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540,1 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Ал эми 2021-жылдын 15-февралынан тарта "Айыл-чарбасын каржылоо-9" долбоору боюнча дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген насыя берүү башталат. Ошондой эле алар үчүн үрөн өндүрүүчү чарбалардан рынок баасынан 30 пайызга төмөн баада сертификацияланган үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлгөн.
Бул тууралуу 13-февралда премьер-министр Улукбек Марипов жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешмеде сүйлөп жатып билдирди.
Улукбек Мариповдун айтымында, район акимдеринин ишине талаптар күчөтүлөт жана ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, алардын ишине баа берилет.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын президентинин "Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу иретинде өкмөттү кластердик ассоциациялар менен кызматташтык механизмин жайгаруусу, ар бир облуста айыл-чарба продукциясы үчүн логистикалык борборлорду түзүүсү, айыл-чарбасына санариптик технологияларды киргизүүсү, мал чарбачылыгы продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуусу зарыл экендигине басым жасаган.




1 |