"Өзүбүздү өлкөнүн "өгөй баласы" сезебиз". Баткен эли кайра чогулуп, чек ара боюнча президентке кайрылуу жасашты (видео)
Бүгүн, 14-февралда Баткен облусунда үч райондун эли катышкан митинг өттү. Бул тууралуу Баткендин жашоочулары социалдык тармак аркылуу кабарлашты. Топтолгондордун айтымында, Баткен эли өздөрүн дайыма "өгөй бала" сезип келишет. Анткени чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлгөн эмес.
"Башканы коюп, биринчи чек ара маселесин чечиңиз, Садыр Нургожоевич!", - деди митингге катышкан жарандардын бири.
Ал эми Баткен облустук бийлигинин басма сөз катчысы чалууга жооп бербей жатканына байланыштуу аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Чек араны чечуунун бир эле жолу бар. Жерлерди алмашыш керек. Башка вариант жок.