Нарындан Бишкекке, Таластан Нарынга жөнөтүлдү. ИИМдеги орун алмашуулар
12-февраль күнү Ички иштер министрлиги 2020-жылдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган. Анда кызматтык орун алмашуулар да жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Бишкек ШИИББинин жетекчиси Канат Жумагазиев Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси болуп дайындалды. Анын ордуна мурдагы Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бакыт Матмусаев дайындалды.
Ал эми Ысык Көл ОИИБинин жетекчиси Улан Асанбаев ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулган.
Ал эми Нарын ОИИБинин жетекчиси Улан Аалиев Октябрь РИИБинин жетекчилигине келсе, РИИБдин жетекчиси Улан Султанов Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына дайындалды.
Ал эми Ош ШИИБинин жетекчиси Мурат Боронов Баткен ОИИБине кетсе, ал эми Акылбек Мамсеитов Ош ШИИБине жетекчи болуп дайындалды.
Ал эми Талас ОИИБинин жетекчиси Алмаз Жумаков Нарын ОИИБине келсе, учурда Талас ОИИБин убактылуу жетекчисинин орун басарын Марлис Асанов башкарат.




1 |