super.kg logo

Япониядагы жер титирөө. Жарыксыз калган үйлөр, жабыркаган 150 адам

 

Япониянын түндүк-чыгышында катталган жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 150дөн ашып, 950 миңге жакын үй жарыксыз калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 7,3 баллдык жер титирөө өлкөнүн түндүк-чыгыш тарабын каптап, Япониянын борбору Токиодо да сезилген. Андан кийин дагы бир нече жер силкинүүлөр кайталанган. Көчкүнүн кесепетинен айрым жолдор жабылып, ылдам жүрүүчү поезддердин кыймылы үзгүлтүккө учурады. Фукусима-2 атомдук электр станциясында колдонулган өзөктүк отунду сактоо үчүн бассейндерден радиоактивдүү суунун бир бөлүгү чачырап кеткен. Бийликтин билдирүүсүндө, бул ядорлук отундун муздашына таасирин тийгизген жок.

Буга чейин ишемби күнү Япониянын түндүк-чыгышында болгон 7,3 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен 100дөн ашуун адам жабыркаганы маалымдалган. Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн эпицентри Фукусима префектурасынын жээгинде жайгашкан. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.07де катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: