super.kg logo

"Өкмөткө шайлоо учурунда эле керекпиз!". Бишкекте чек ара чырына байланыштуу митинг өттү (сүрөт)

 

Бүгүн, 15-февралда өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу митинг өттү. Нааразычылык акциясына 50гө чукул адам катышып, алар өкмөткө чек арадагы маселе чечиле турган негизги маселе экенин баса белгилеп, эскертүүнү көздөп топтолушканын билдиришти. Атүгүл алар бул маселе боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу катын жолдошкон.

"Биз бул митингди аргасыз уюштуруп жатабыз. Анткени бийлик тараптан маселеге кайдыгер мамиле жасалып, эч кандай реакция болбой жатат", - дейт Чек ара коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев.

"Кечээ баары күбө болгондой, Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарында оккупациялоо болду. Бул албетте аскердик тил менен айтканда баскынчылыкка кирет. Тажик аскерлери зым тартып, бак дарактарды биздин жерлерге отургузуп жатат. Буга бийлик кайдыгер мамиле жасап жатат, биз буга нааразыбыз", - деп кошумчалады ал.

Кечээ, 14-февралда Баткен облусунда үч райондун эли катышкан митинг өткөн. Анда топтолгондор президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, Баткен эли өздөрүн дайыма "өгөй бала" сезип келише турганын билдиришкен. Айтымдарында, чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлгөн эмес. Митингге бул маселе чечилет деп үмүт артып келгендердин бири Баткен районунун тургуну Азизбек аттуу мырза.

"Өкмөт башына кайсы бийлик келбесин, чек ара маселесинде эл менен эсептешпей калды. Азыр Көк-Ташка коңшу тарап көчөт отургузуп башташты. Негизи биз бийликке шайлоо учурунда эле керек экенбиз, андан кийин биз өлкө үчүн чын эле "өгөй балабыз", алар бизди унутуп калышат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: