super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду

 

Бүгүн, 15-февралда президент Садыр Жапаров советтик аскерлердин Оогастандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Салтка айланып калгандай эле, биз ар жылдын 15-февралында Ооган жериндеги согушта курман болгон интернационалист жоокерлерди эскерүү күнүн белгилейбиз.

Ооган согушу 9 жыл, 1 ай, 19 күнгө созулган. Бул жылдарда Ооганстанда советтик армиянын 620 миң аскери, алардын ичинде жети миңден ашуун Кыргыз жарандары өз милдетин өтөшкөн.

Кайратмандыгы, эрдиги жана каармандыгы үчүн эки жүз миңден ашык аскер кызматчылары, жумушчулар жана кызматчылар СССРдин орден, медалдары менен сыйланышкан. 66 аскер кызматчысы Советтер союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан. Алардын ичинде биздин эки жердешибиз Сергей Гущин менен Юрий Исламов да бар.

Интернационалист жоокерлер согушуп эле тим болбостон Ооганстанды калыбына келтирип, азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздашып, социалдык объекттерди курушкан.

Ооганчы-жоокерлер бүгүн дагы өзүнүн жарандык милдеттерин ар-намыстуулук менен аткарышып, өлкөбүздүн ардагердик кыймылынын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Алар өздөрүнүн куралдаш жолдошторуна жардам көрсөтүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып, патриоттук иштерди алып барышып, Мекенди коргоочулардын жаш муунун даярдап жатышат.

Советтик аскерлердин чектелген контингентин Ооганстандан чыгарылышынын 32 жылдыгына карата бардык интернационалист ардагерлерге, алардын туугандарына жана жакындарына бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: