"Ош базарынын" айланасындагы мейманканаларга түнкү рейд уюштурулду
Ленин районунун акимиаты райондогу сойкуканаларды жоюу, сойкуканаларды уюштуруу иштерин басуу жана коомдук тартипти камсыз кылуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акимиаттын адистери РИИБ жана ШИИББдин кызматкерлери менен биргеликте мейманканаларды текшерүү үчүн түнкү рейд өткөрүштү. Кулиев, Павлов, Рыскулов көчөлөрүндө жана Чүй проспектисиндеги конок үйлөр каралып, атайын топ тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган жок.
Эскерте кетсек, кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине ылайык, сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруу же аларды тейлөө, сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү, же сутенердук кылуу V категориядагы айып же I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Он алты жашка чыга элек адамдарды пайдалануу менен жасалган жосундар VI категориядагы айып же II категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

