5 жылдан кийин. Манас Ниязов казак улакчысынан аны жөөлөп жыкканы үчүн кечирим сурады
Белгилүү Кыргыз улакчысы Манас Ниязов 2016-жылы атаандашы болгон Казак улакчысы Абугали Абдыжапаровдон кечирим сурады. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Кыргыз улакчысы эс алуу күндөрү Казак жергесине аламан улакка барган. Дал ошол жерде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалдык беттешинде Кыргыз-Казак командалары кез келип, оюн учурунда Ниязов Абдыжапаровду аты менен жөлөгөн мезгилде ал аттан кулап түшүп башынан жаракат алган.
Видеодо көрүнүп тургандай Ниязов оюн учурунда кокустук болгонун айтып, кечирим сураган. Андан соң ал атаандашына калпак менен чепкен кийгизип, казак туугандарды Кыргыз жергесиндеги оюндарга чакырган.
Ниязов 5 жыл мурунку атаандашынанкечирим сурады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Эми Түркия да көрөбүз ак оюн болот.