Айсулуу Тыныбекова: "Кийин уулдуу болсом атын Нурбек коём". Кыргыздын чыгаан машыктыруучусу Нурбек Изабеков 51 жашка чыкты



Бүгүн, 15-февралда белгилүү машыктыруучу, Кыргыз элинин сыймыгы болгон Нурбек Изабеков 51 жашка чыкты. Кыргыз элинин желегин желбиретип көптөгөн ийгиликтерди багынткан спортчуларды тарбиялап келе жаткан машыктыруучу 1970-жылы Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылында жарык дүйнөгө келген.
Спорттогу жетишкендиктери:
• 1988 — спорт интернаттар арасында КСРБнин чемпиону, эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында КСРБнин коло медалдын ээси, Жаштардын бүткүл союздук оюндарынын коло медалынын ээси;
• 1989 — эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында КСРБнин коло медалдын ээси;
• 1995 — Азия чемпионатынын күмүш медалдын ээси (Манила, Филиппины);
• 1999 — Азия Чемпионатынын күмүш медалдын ээси (Ташкент, Өзбекстан);
• 2000-2009 — күрөш жана бокс боюнча Республикалык адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөр мектебинин эркин күрөш боюнча усулчусу;
• 2007-2009 — Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу;
• 2007-2009 — Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча уландар курама командасынын улук машыктыруучусу;
• 2010 — Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу.
Спортчунун эң алдыңкы тарбиялануучуларынын бири Айсулуу Тыныбекова агайы тууралуу маек берип жатып, келечекте уулдуу болсо Нурбек Изабековдой болсун деген ниетте "Нурбек" деген ысым ыйгараарын айткан. Маекти спортчу өз баракчасына жүктөп, машыктыруучусуна:
"Нурбек агай, сиз мен үчүн спорт чөйрөсүндө ата болуп калдыңыз. Сиздин аркаңыздан мен бүгүн Айсулуу Тыныбекова болуп отурам. Сизди бүгүнкү өздүк майрамыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө чын ден соолук каалайм. Биздин жетишкен ийгиликтерибиз менен кубанып жүрө бериңиз. Бул видео сизге менин атымдан кичинекей белек болсун. Терең урматтоом менен сиздин кызыңыз Айсулуу", - деген жылуу сөздөрүн арнаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(6)
emil91

15.02.2021. 13:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсын Айсулуу.
algakaray

15.02.2021. 13:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым буйурса. Ошо Нурбек агайыбыздын арты менен ушунча ийгиликтерге жетиштин.
Nurmat8921

15.02.2021. 13:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тилегине жет Айсулуу
kamchatka

15.02.2021. 14:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйон ынаса коесунда Нурбек деп
Sonku

15.02.2021. 14:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kamchatka, күйөөсү ынабаса көтөрүп чаап не кылаар экен
bessmertiy

15.02.2021. 15:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ниетиңе жет балбан кыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.