Талас-Суусамыр унаа жолунда автокырсык болуп, спортчу Жанболот Осмонов келинчеги менен бирге каза тапты

8-октябрь күнү Талас-Суусамыр унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза тапты. Көз жумгандардын ичинде белбоо күрөшү боюнча Эл аралык даражадагы спорт чебери Жанболот Осмонов жана анын жубайы бар. Муну Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, спортчу Таластан Бишкекке "Даймлер Крайслер" унаасы менен келе жатып, автоунаа жолдон чыгып аңга түшүп кеткен. Каза тапкандардын өздүгү такталды, алар:
Жанболот Осмонов,
Рахат Жакыпова (Жанболот Осмоновдун жубайы)
Жеңиш Токенов
Раушан Жолдошбаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

ALLAhym beyishinen nasip kylsyn!