super.kg logo

Студенттер окуу акысын төмөндөтүү талабы менен митингге чыгышты

 

Бүгүн, 15-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында студенттер митингге чыгышты. Алар контрактын акысын 30 пайыздан 50 пайызга чейин кыскартууну талап кылышууда.

“Биздин укуктарыбыз бузулуп жатат. Университеттер менен келишимди күндүзгү окууга түзгөнбүз. Пандемия башталгандан бери бир жыл бою үйдө онлайн окудук. Интернет, коммуналдык кызматтардын акысын өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Университеттин электр энергиясын, жылуулугун жана башка чыгымдарын кетирген жокпуз. Буга чейин биз билим берүү министри, ректорлор менен биргеликте пресс-конференция өткөргөнбүз. Жыйынтыгында бизге жардам берилет деген, бирок жооп дагы деле жок. Бизге көңүл бурулсун деген максатта ушундай митинг уюштурдук”, - деди атын атагысы келбеген студент.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров студенттерди кабыл алып, пандемия убагында финансылык жеңилдик 68 университетке 117 миллион сом колдоо болгондугун билдирди.

Андан сырткары контрактын баасын 50 пайызга чейин кыскартып берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова Экономика министрлигине контрактын баасын төмөндөтүү маселеси боюнча билдирүү жиберилгендигин, Билим берүү министрлиги бул маселени өз алдынча чече албай турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.02.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30% болсо да ооо, жакшы иш болот эле. Бизге женилдик болмок да 2,3 бала окуткандарга.
15.02.2021. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мугалимдерге да акчалай жардам бериш керек.онлайн учурунда экзамен зачеткаларда студенттерден акча алалбай кыйналышты байкуштар
15.02.2021. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond0202,кайдаа,айласын тапкандар таап алып эле атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: