"ЭЛДИК КАБАРга жооп". Кара-Суу районундагы Фуркат айылында электр энергиясы эмнеге бат-бат өчө берет?
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында электр энергиясы бат-бат өчө берерин айтып, кайрылды.
Бул боюнча "Ош электр" тармагына кайрылганыбызда, 12-февраль күнү жыгач мамыча күйүп кеткендиктен электр энергиясы өчүрүлгөн.
"12-февраль күнү "Беш-Мойнок" 110 киловат көмөк чордонун 10 киловат "Фуркат" аба чубалгысында жайгашкан жыгач мамыча күйүп кеткен. Кара-Суу РЭТтин ыкчам оңдоо бригадасы жаңы мамыча орнотуп, электр энергия керектөөчүлөргө кайрадан берилди.
Суукта ашыкча жүк менен иштеп жаткан кээ бир электр тармактар авариялык түрдө өчкөн. Ага карабастан, райондук электр тармактарынын ыкчам топтору жеринде ондоп-түзөп кайрадан электр энергияны үзгүлтүксүз берип жатышты",- деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.