super.kg logo

Сүйүктүү товарларыңыз сиздин смартфондо: "Народный" реалдуу арзандатууларды тартуулайт!

 

“Народный” дүкөндөр тармагы кардарлар менен жакшы жаңылыктарды бөлүшүүгө шашылууда: Сүйүктүү товарларыңыз дагы да арзандады!

“Народный” мобилдик тиркемесинде "Любимые товары" деп аталган жаңы функция түзүлдү. Эми сизде жеке арзандатууларды алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн тиркемеге кирип, сүйүктүү товарыңызды тандап, белгилөөңүз керек.

Сунушталган категориядагы товарлардын тизмеси эки жумада бир жаңыртылып турат. Ошол эле учурда "Народный" дүкөндөр тармагы арзандатылган товарлар тобуна жаңы, түрдүү товарларды кошууга аракет кылууда: элиталык кофе менен чайдын сортторунан тартып, популярдуу шампундар менен жалаяктарга чейин.
Арзандатуулардын суммасы сунушталган товарлардын түрүнө жараша болот.

Мисалы, 1-февралдан 15-февралга чейин 250 граммдык майдаланган “Жокей” кофесине 54 пайыздык арзандатуу жүрүп, аны сиз болгону 125 сомго сатып аласыз. «РотФронт» кондитердик брендинин «Подмосковные вечера» шоколадын 41 пайыздык арзандатуу менен алсаңыз болот. Ошондой эле жагымдуу баалардын тизмесине Clear шампуну 36 пайызга арзандатылган сумма менен кирди: Анда 200 миллилитр шампунун 109 сомго ала аласыз. 900 миллилитр көлөмүндөгү Fairy идиш жуугуч суюктугун 34 сомго гана сатып аласыз. Бул товарда 22 пайыздык арзандатуу орун алган.


Бүгүнкү күндө сатып алуучу өзү үйүнө керектүү нерсени өзү тандайт же жөн гана сүйүктүү товарларын арзандатуу менен сатып алат.

Маанилүү шарт! Продукцияны үч күндө бир алмаштырсаңыз болот же тандооңузга бекем болуп, эки жумалык арзандатылган товардагы сүйүктүү буюмуңузга артыкчылык бере аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: