Алмазбек Атамбаев: "Адамды барымтага алгандарга курал колдонуш керек"
"Адамды барымтага алган жарандарга курал колдонуш керек",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-октябрда Бишкекте түркиялык насыянын эсебинен келген техникаларды тапшыруу аземинде. Айтымында, Ысык-Көлдө болуп жаткан митингдердин максаты "Кумтөр" маселесин чечүү эмес. "Алардын максаты - кызматка жетүү үчүн өлкөнү туңгуюкка алып баруу. Жаштарды бирөөлөр пайдаланып жатат. "Кумтөрдү" колдогон митинг болсо, эмне үчүн облус башчысын барымтага алышат?"- деди өлкө башчы. Атамбаев митингчилер Эмил Каптагаев отурган унааны өрттөмөй болушканда от жаккыч (зажигалка) иштебей калганын кошумчалады. "Мага ушинтип айтышты, мындай учурда аларга курал колдонуш керек",- деди президент.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

