super.kg logo

Кармалган "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчисинин баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды

 

Кармалган "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы У.Э.А. карата баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-февралда Биринчи Май райондук соту "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы пара талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин карап, УКМКнын тергөө камак жайына эки айлык мөөнөткө 12-апрелге чейин камоо тууралуу баш коргоо чарасы тандалды.

"Тергөө иштеринде "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ай сайын алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүнүн эмгек акысынын 75 пайызын ага өткөрүп берүүнү талап кылганы аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, аталган ишкананын башка кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Буга чейин 12-февралда аталган ишкананын төрагасы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалганы маалымдалган.






Кармалган "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси эки айга камалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.02.2021. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо Матраимовко иштеген мыйзам бугада иштесе ошол айлыкты 75%толоп чыгып кетиши керекта же ал закон Раим миллион учунбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: