super.kg logo

ИИМ жетекчилердин орун алмашуусу боюнча түшүндүрмө берди

 

ИИМ жетекчилердин орун алмашуулары боюнча түшүндүрмө берди. Коллегиянын чечимине ылайык ички иштер органдарында кадрдык жактан ротациялоо жүргүзүлүп, анын негизинде ички иштер органдарынын маанилүү кызматтарына кесипкөй жетекчилер дайындалгандыгын билдиребиз.

Кадрдык өзгөрүүлөр башкаруу тутумун өнүктүрүүгө байланыштуу болгондуктан, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн, натыйжалуулугун жогорулатууга сапаттуу кадрдык курамды негиздөөгө багытталган.

Жетектөөчүлүк кадрды ротациялоо кадрларды тандоонун жана баалоо механизмин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө практикалык иштерге өзгөчө маани берүүгө убакыт келди.

"Ички иштер министрлигинин алдына коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу ички иштер органдарынын кадрдык потенциалы жогору жана сапаттуу болушу абзел. Ошол себептүү коллегиянын чечиминин негизинде жана атайын сынактардан ийгиликтүү өтүп ИИМдин буйругу менен жаңы дайындалган жетекчилердин алдында ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда, коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жаңы заманбап ыкмаларды иштеп чыгуу, аны практикада пайдалануу багытында көптөгөн иштерди аткаруу милдети турат. Биз алардын ар бирине ишеним менен маанилүү милдеттерди жана тапшырмаларды коюп олтурабыз. Биздин башкы максат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын бейпилдиги, коопсуздугу жана укуктук тартиптин камсыздалышы", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: