Футбол: Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши жылдырылды
2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагындагы 30-мартта өтө турган Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши белгисиз убакытка жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан (КФС) билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюн Мьянмадагы туруксуз саясий эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жылдырылган. Беттештер болжолдуу июль айында өтүшү мүмкүн.
"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5-турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япониядан кийин 7 упайы менен 2-орунда келе жатат. Эми алар Мьянма жана Япония менен конокто, Монголия менен өз үйүндө оюн өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.