super.kg logo

Фотоальбом: "Бала кезинен жылдыз болгонго чейин". Ырчы Акбар Сүйүнбаевдин сүрөттөрү бир топтомдо

 

"Сезим", "Махабатым" ырлары менен калың элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Акбар Сүйүнбаев бүгүн, 15-февралда 36 жашка толду. Ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда шаан-шөкөттү анча жактырбай тургандыгын, бул күндү үй-бүлөсүнүн гана коштоосунда белгилээрин билдирди.

"Негизи туулган күнүм кечээ эле башталды. Султан Садыралиев досум байланышып 14-февраль менен кошо эле сенин туулган күнүңдү дагы чогуу тосолу дегенинен мен да макул болуп кечээ баштаганбыз. Анан көптөн бери телеканал, радио, гезиттерге маек бербей жүрдүм эле. Бүгүн бир телеканалга конокко чакырышты эле, ушул күн үчүн апама ыраазычылык билдирүү максатында барып келдим. Апам биз менен чогуу турат. Өзүм өтө деле шаан-шөкөттүү туулган күндү жактырбайм. Азыр бир жумуштарым менен көчөдө жүрөм. Буюрса, кечинде үй-бүлөмдүн, жакындарымдын коштоосунда үйдө эле белгилейбиз", - дейт Сүйүнбаев.

Ырчынын туулган күнүнө карата кичинекей кезинен тартып ушул күнгө чейинки сүрөттөр топтомун жарыялайбыз.

Акбар Сүйүнбаев 1985-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Ырчы алгач "Сезим" аттуу ыры менен чыккан. Андан соң Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган дуэти "Махабатым" ыры менен чоң сахнага чыгып, эл оозуна алынган.

Ырчы мырза 2010-жылы “Миң кыял” радиосунун ди-джейи Кундуз Казыбек кызына үйлөнгөн.

Жубайлар учурда үч уулдун сүйүктүү ата-энеси. Алардын Акбата, Актилек жана Айкөл аттуу балдары бар.

Акбар Сүйүнбаев 2017-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
16.02.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ильяз Абдыразаков кантет (малыш) аты жөнү жок эле малыш дечү элек Ильязды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: