Орусия Кыргыз өлкөсүнө лабораториялык приборлорду берди



Бишкектеги дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин Борбордук көзөмөлдөө-аналитикалык лабораториясы дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга сыноо жүргүзүү үчүн заманбап лабораториялык приборлор жана жабдуулар менен жабдылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Орусия жана Кыргыз тарап лабораторияны шаймандар менен жабдуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу үчүн жалпы суммасы 211 712 844,42 рублду (245 миллион 586 миң 900 сомду) түзгөн мамлекеттик келишим түзүлгөн.
"Келишимге ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сыноо үчүн 83 позициядан турган лабораториялык шаймандар жана жабдуулар жеткирилген. Приборлордун дагы үч бирдиги (Индуктивдүү байланган плазмасы бар атомдук эмиссия спектрометри (АЭС-ИСП), ИК-спектрометри, бөлүкчөлөрдүн көлөмүнүн Лазердик анализатору) кошумча келишимдин негизинде 2021-жылдын башында жеткирилет", - деп жазылат маалыматта.

