super.kg logo

"Республикалык бюджеттин эсебинен 2 миң 275 жумушчу орун түзүлгөн". Баткен облусу жыл жыйынтыгын чыгарды

 

Баткен облусунун 2020-жылдын ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча облустук коллегия болуп өттү.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жылдын жыйынтыгы менен өнөр жайынын көлөмү 3074,6 миллион сомго өндүрүлгөн. Ал эми физикалык көлөмү 125,3 пайызга өсүү темпи 101,9 пайыз рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 17772,1 миллион сом же өткөн жылга салыштырмалуу 96,2 пайызга аткарылган.

"Салык топтоонун планы 102,7 %, ал эми эмгек акынын көлөмү 13368,8 сомго жетип өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 114,9%га өскөн, минималдык керектөөчү бюджет 5372,2 сомду түздү. Инфляциянын деңгээли облустун аймагында 107,9% пайызды түздү. Жаңы түзүлгөн жумушчу орундардын саны 2020-жыл ичинде 4506 жумушчу орунду түздү же былтыркы жылга салыштырганда 106.5 пайызды түздү.

Түзүлгөн жумушчу орундарын тармактар боюнча алып караганда айыл чарбасында 412 жумушчу орун, ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен 509 жумушчу орун, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө 364 жумушчу орун, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 122 жумушчу орун, чет элдик каражаттар эсебинен 70, жеке ишкерлердин каражаттар эсебинен 504 жумушчу орун, республикалык бюджет эсебинен 2275 жумушчу орундар түзүлдү. Саламаттыкты сактоо тармагында болсо 2020 - жыл ичинде, облуста, коронавирус инфекциясын эске албаганда дээрлик бардык жугуштуу оорулар эки эсе азайган. Облуста өткөн жылы 14 саламаттыкты сактоо мекемеси курулуп, 24 "Тез жардам" унаасы берилди. Ал эми 76 миңден ашуун адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү.

Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүнүн алкагында онлайн кезекке туруу, онлайн каттоо кызматтары ишке кирди. Ал эми Баткен облусунун мектептеринин 98%на интернет байланышы жеткирилди. Облустун аймагындагы мектептерде 145 интерактивдүү доска орнотулуп, 22 мектепте электрондук китепкана орнотулду. Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 168 мектепте видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Облустук жыйында тийиштүү жетекчилер жана район шаар башчылары жыл ичинде аткарган иш-аракеттер боюнча кеңири маалымат берип, 2021-жылга милдеттер белгиленди. Коллегиянын соңунда пандемия шартында эмгектенген бир катар мекемелер жана кызматкерлер ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктарына татыды",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: