super.kg logo

УКМК: "Чек арадагы тактала элек тилкелерде көчөт отургузуу иштери токтотулду"

 

Баткен облусундагы Тажикстан менен болгон чек аранын тактала элек тилкесиндеги бардык жумуштар токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"11-февралда Баткен районундагы Чек-Дөбө аймагында кызмат чек арачылар тарабынан мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине көчөттөрдү отургузуп жаткан Тажикстандын жарандары аныкталган. Ошол эле күнү түндө белгисиз адамдар көчөттөрдү жулуп салышкан. Тажикстандын жарандары 12-февраль күнү экинчи жолу мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине көчөттөрдү отургузууга аракет кылышкан. Чек арачылар жумушту токтотуу боюнча мыйзамдуу талап койгондо Тажикстандын жарандары кыр көрсөтүшкөн.

Окуя болгон жерге Тажикстандын аскер кызматкерлери келишти. Учурда эки өлкөнүн чек арачылары өз позицияларын ээлешип, тактала элек аймактагы бардык жумуштар токтотулду", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрүндө күн сайын чек арачылар нөөмөттө турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: