Кыргыз маданиятында орду толгус жоготуу... Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованын өмүр баяны
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы полиграф институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына актриса болуп кирген. Театрда иштеген 30 жылдык өмүрүндө чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Шамшиев, Океев, Базаров, Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган.
1990-жылы "Туңгуч" жаштар театрын ачкан. Жамал Сейдакматова Мамлекеттик Токтогул атындагы, эл аралык "Руханият", Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгы болгон "Алтын дипломду" жеңип алган. Египет, Колумбия, Германияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилиндеги өлкөлөрдүн Башкортостанда өткөн эл аралык фестивалында Гран-прини жеңип алган. Бүгүн, 16-февралда Жамал Сейдакматова каза болду.
Театрда аткарган негизги ролдору:
- Жамал (А. Дыйканбаев, "Мүрөктүн суусу")
- Алиман (Ч. Айтматов, "Саманчынын жолу")
- Сейде (Ч.Айтматов, "Бетме-бет")
- Шайыргүл (Т. Абдумомунов, "Абийир кечирбейт")
- Айганыш (А. Токомбаев, "Өлбөстүн үрөнү")
- Нази (М.Байжиев, “Төр адам”)
- Катарина, (У. Шекспир, "Азоого чалма")
- Эркайым (Ш. Садыбакасов, "Ак боз ат")
- Агафья Тихонова (Н. Гоголь, "Үйлөнүү")
- Шафак (М. Карим, "Ай тутулган түндө")
- Уркуя (Н. Байтемиров, "Уркуя")
- Күлсүн (М.Байжиев, “Кыз-Күйөө”)
- Дездемона (У. Шекспир, "Отелло")
- Алмагүл (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, "Фудзиямадагы кадыр түн")
- Эльпи (К.Мамбетакунов, “Омор Хаямдын махабаты”)
- Зейнеп (Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)
- Каныкей (Ж. Садыков, "Манастын уулу Семетей")
- Салыя (К. Акматов), "Ажырашуу түнү")
- Жайдар (Ч.Айтматов, Жаныбарым, Гүлсары)
- Найман эне (Ч.Айтматов, “Кылым карытаар күн”)
- Тангабике (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)
- Мунабия (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов "Мунабия")
- Көзү ачык кемпир ( Ж.Кулмамбетов, “Чыңгыз хандын купуя сыры”)
- Ханыша (С.Раев, "Ханышанын көз жашы").

