Депутат өкмөткө малды сыртка сатууга салынган тыюуну алып салууну сунуштады
Депутат Бейшеналы Нурдинов өкмөткө малды сыртка сатууга салынган тыюуну алып салууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Эл өкүлү өкмөткө сунушун айтып, токтом күчүн жоготооруна эки айдай эле убакыт калганын, малчылар өз малын сата албай чоң чыгымга дуушар болуп жатышкандарын белгиледи.
"Мен бул маселени бир топ жолу көтөрдүм, өкмөттүн өкүлдөрү өз чечиминин тууралыгын тыюунун алынып салынышы ички рынокто эттин баасынын кымбаттоосуна алып келет деп аргументтеп жатышат. Бирок, эттин баасы 450 сомдон араң эле 420 сомго түштү", - деди Нурдинов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Туугандар дагы айтам токтоткула. Токтоткула
Баткенде Таджикистан тарапка күнүгө жүздөгөн малдар чыгып атат аны көзөмөлгө алган эч ким жок эттин баасы 430 сом болуп атат