Мугалимдердин жана сабактардын саны кыскартылабы? Министрликтин жообу
Социалдык тармактарда тараган мугалимдердин жана сабактардын саны кыскарат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу социалдык тармак аркылуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
"Акыркы күндөрү кыргыз тилинин, кайсы бир предметтердин же мугалимдердин саны кыскарат деген маалымат социалдык тармактарга тараган. Мунун бардыгы чындыкка дал келбейт. Анткени Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүнү өнүктүрүүгө багыт берген чечимдерди сиздер менен кошо талкуулап, изилдеп анан бекитебиз",- деди Надира Жусупбекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.