super.kg logo

Муфтият Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди каттай баштады

 

Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди каттоо башталды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоо 17-мартка чейин жүрүп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ушул жылдын 5-апрелинде курултай өткөрөт.

Талапкерлер Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын курамында же расмий дин кызматкери катары 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болуп, мамлекеттик органдар тарабынан соттолбогон, жогорку деңгээлдеги диний жана светтик билимге ээ болушу шарт.

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, Азирети Муфтий, Аалымдар Кеңеши жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Токтомушев 12-февралда үй камагына чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
16.02.2021. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы аалымдарды иргеп алгыла
ичи толо ириндер кошо жүрөт ошолорду жок кылуу керек
16.02.2021. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бийлик эч качан диндин саясаттаашуусуна жол бербеш керек. Болбосо мунун аягы чон чыр чатактар менен аяктайт. Бизге муфтиятта чон реформа жасай алган, кыргыз элинин улуттук кызыкчылыкгын жогору койгон, тышкы диний уюмдардын идеялогиясын жургузбогон адам керек. Кыргызстан светтик багытта гана онугуш керек. Светтик мамлекетте гана баардык адамдын укугу бирдей корголот. Дин саясатка, маданиятка, экономика тармагына кийлигишпесин. Дин озунун диний жоролголору менен гана болсун.
16.02.2021. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mirlan27011987,сенин оюң бир тыйын
16.02.2021. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Tyty1990,
Кыргызстанда жергиликтүү элдин басымдуу бөлүгү "светтик" турмушту гана тандап алышкан. Мечиттерге барганы деле светтик жашоону алып журушот. Бизде жалпы билим беруу системасы чабал. Ошондуктан жаштар кыргыздын салтуу гана диндин ордуна, тетири идеялогия жургузгон диний уюмдарда алданып журушот. Андай диний уюмдар кыргыз балдарын бактылуу кылбайт. Болгону алардын буйругун аткарган жоокерге гана айланып калышпасын.
zhazgul98 түзөттү 2021-02-16 11:11:40
16.02.2021. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhazgul98,светтик мамлекет кандай болот? Озун тушуносунбу?
16.02.2021. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Asyl.jazi,
Светтик деген - бул адамдар гана иштеп чыккан мыйзамдын негизинде баардык карым катнаштар жонго салынат. Диний тушунуктордун негизинде чечим кабыл алынбайт. Мен Кыргызстанда салтуу динди гана колдойм. Кыргыз эли араб элдеринин салтуу баш кийимдерин үлгү катары кабыл албашыбыз керек. Бизде мечиттерде арабтардын салтына жана салтуу кийимдерине басып жасап жатышат. Бул туура эмес.
16.02.2021. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhazgul98,сенин да оюң бир тыйын
16.02.2021. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mirlan27011987, сен ислам дини айтылган жерге дароо кирип каршы жазасын.
Динге каршы болсон не комент жазасын.
Бар озунун темаларына барчы
16.02.2021. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татыктуу ким бар эми, ким иштей алат. Илими күчтүү Чубак ажыдай бирөө бар бекен. Талашып булар дагы уят болбогудай эле.
16.02.2021. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nazira...,
Азыр диний кызматкерлердин созун уксак жалан эле арабтардын салтын мактап, жактап эле отурушат. Бирок кыргыз элинин бай тарыхы жонундо ун катышпайт. Озгочо мени иренжиткени диний аалымдар биринчи арабча суйлоп же учурашып, анан аны кыргызча которуп суйлошот. Дароо эле кыргызча айтышса болбойбу. Же булар атайын ошондой тил саясатын жургузуп жатышабы.
16.02.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mirlan27011987,демократия деп англисче суйлогондор жакшыбы ыя? Кызын калбады кочугу корунбогон, бут бардыгы гей лесбиянка болуп баштады, сага ушу керекпи! Же дооиуган Арстан Алайбы! Дагы кимди колдойсун! Барбы башка жол, жон диванда отуруп суйлогондон башка бир нерсе билесинби сен, ушул созун даараткадагы кагаздан ылдый экенин билесинби башкалар учун! Андан коро дивандан турда аракет кыл китеп Оку!
16.02.2021. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Максат Ажыдай эч ким өтө албаса керек жума баянды бекер кылышты
16.02.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Максат ажы такыр кыргыз калпак кийбейт. Ошонусу жакпайт
17.02.2021. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nina.alex,Анан кытай калпак кийип атабы?Кандай эле калпак менен жургонун корбой жатасын?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: