super.kg logo

Таласта эне-бала сууга чөгүп каза болгон окуя: Өздөрү балык чарбачылыгын жүргүзгөн көлмөгө түшүп кетишкен

 

14-февралда Таласта 2 жашар баласын куткарам деген апасы өзү дагы сууга чөгүп кеткен. Каргашалуу окуя Талас районуна караштуу Арал айылында болгон. SUPER.KG порталына аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Бактыбек Апышов окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бул үй-бүлө сарайда мал багышат. Сарайдын жанындагы көлдө өздөрү балык чарбачылыгын жүргүзүшчү экен. Ошол көлгө эне менен бала чөгүп кетти. Бала кечкурун ал жакка ойноп барган окшойт. Анан сууга түшүп кеткен. Ал эми апасы кандайча баласын көрүп ал дагы сууга чөккөнү белгисиз. Же балким чогуу жүрүшкөнбү, билбейбиз.

Келиндин күйөөсү 1993-жылы туулган, каза болгон келин ушул Таластын эле кызы экен. Келиндин артында каза болгон баладан кичине дагы бир баласы калды. Бүгүн, 16-февралда маркумдардын сөөгүн жерге берип жатабыз",- деди Апышов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: