"Жаңы Конституцияны кабыл алууда шашпаңыз". Активисттер Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жасашты
"Бир дүйнө - Кыргызстан" укуктук кыймылы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жасады. Бул тууралуу аталган кыймылдын интернет баракчасына жарыяланды.
Белгилүү болгондой, кыймылдын мүчөлөрү жаңы Конституцияны кабыл алууда шашылыш чечимдерди кабыл албай, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу керек экендигин белгилешкен.
"Биз Конституциянын жаңы долбооруна Жогорку Кеңеш тарабынан жүргүзүлгөн 6 түрдүү экспертизанын жыйынтыгын жарыялоону жана ал өлкөнүн 7 облусунда конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен биргеликте талкуулануусун талап кылабыз",- деп жазылган кайрылууда.
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор - Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.
Кеңешме өз ишин 27-январда жайынтыктаган.

