Жалал-Абадда өткөн жылдын декабрь айынан бери Эркин Каипбердиев изделүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев айылынын тургуну, 1987-жылы туулган Каипбердиев Эркин Нуралиевич дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 2020-жылдын 20-декабрь күнү саат 14:00 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.Учурда Каипбердиев Эркиндин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, өңү ак-сары жүздүү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында күрөң баш кийим, үстүндө кара түстөгү куртка кийип жүргөн.
"Дайынсыз болуп жаткан Каипбердиев Эркин тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз", - дешти облустук милициядан.
Байланыш телефону: 102, 03722 5-28-31, 7-03-44, 0777 79 23 63, 0773 00 08 02.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















