super.kg logo

Бишкектин вице-мэри Свердлов районунун аймагын текшерип, бир нече тапшырмаларды берди

 

Борбор калаанын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен биргеликте шаарда текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ырсалиев Свердлов районунун аймагынын 7-апрель көчөсүнөн Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүн, "Мадина" базарынын аймагын текшерип, санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча шаардык кызматтардын иши жетишсиз экендигин белгилеген.

"Борбор калаанын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясына коомдук жайларды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга каршы күрөштү күчөтүү тапшырылды. Свердлов районунун акими Мурат Осмоновго "Мадина" базарынын администрациясы менен сүйлөшүү жүргүзүп, базардын аймагын тазалоо, мыйзамсыз соода жана базардын айланасындагы унаа токтотуучу жайлар менен болгон маселелерди чечүү тапшырылды.

"Бишкек жашыл чарба" ишканасына "Бишкек башкы архитектура" муниципиалдык ишканасы менен биргеликте бардык куураган бутактарды алып, жаңы бак-дарактарды, бадалдарды отургузуу, 7-апрель көчөсүнүн жашыл аянтчаларынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

"Бишкек асфальт сервис" жана "Бишкек свет" муниципиалдык ишканаларына 7-апрель көчөсүнүн чыгыш тарабындагы аллеяны иретке келтирүү, тышкы жарыктандыруу орнотуу, брусчатка төшөө жана ирригациялык тармактарды иретке келтирүү тапшырылды.

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгына мыйзамсыз орнотулган жарнак мамыларын демонтаждоо тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: