СУПЕРСТАН: Социалдык тармак аркылуу таанышып, үй-бүлө курса болобу?
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Социалдык тармактардан сүйүүсүн тапкандар барбы?" деген тема талкууга алынган.
Автордон: "Социалдык тармактагы сүйүүгө ишенесиңерби? Дегеле социалдык тармак аркылуу таанышып, үй-бүлө кургандар барбы? Сиздердин бул нерсеге оюңуздар кандай?"
Пикирлер: "Тапканы таап атат ишенем албетте. Бизде кыргыздарда эле үйлөнөргө, күйөөгө тиерге келгенде тааныш-билиш, жек-жаат болуп бир-бирине таап беришет. Ал эми чет өлкөлөрдө социалдык тармактар аркылуу табышкандар көп. Азыр баары интернет менен болуп калбадыбы".
"Менин таякем менен жеңем "Агент" аркылуу таанышып, бир эле көрүшүп, үйлөнүшкөн. Азыр бир уул, бир кызы бар. А бирок өзүмдүн жеке оюм, жакындан таанышып, ой-жүгүртүүлөрү, кыял-максаттары дал келип, реалдуу жашоодо бири-бирин жактырса ошол сүйүү болуш керек. Монитор артында ар ким өзү билген каарман болуп өзгөрүп алаары шексиз".
"Сүйүүнү реалдуу жашоодон таап сүйгөнүң менен социалдык тармактар аркылуу байланышып туруш керек.
Көбүнчө кыздардын баракчаларына койгон сүрөтүндөгү сулуулугу менен реалдуу жашоодогу сулуулугу дал келбей калат. Мындан этият болуш керек".
Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.

