super.kg logo

"Баатыр" деген наам алгыбыз келет". Октябрь окуяларында жаракат алгандар бир нече талап менен Садыр Жапаровго кайрылышты

 

"Кыргыз Үмүтү" коомдук бирикмеси октябрь окуяларында жабыркагандарга Октябрь революциясынын Баатыры наамын берүүнү талап кылып, президент Садыр Жапаровго кат жөнөтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган коомдун төрагасы Алмазбек уулу Саламат билдирди.

Маалыматка ылайык, активисттер Кыргыз өлкөсүндөгү бийликтин алмашуусуна алып келген 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон окуяларга революция макамын берүү, андан сырткары революциялык комитет түзүүнү жана мамлекеттик органдарга люстрация жүргүзүүнү талап кылышууда. Талаптар кат түрүндө президент Садыр Жапаровго жиберилген.

"Октябрь окуяларынын катышуучуларына баатыр деген наам берүү негизги талаптарыбыздын бири. Биздин арабызда катуу ооруга чалдыгып калгандары да бар. Алар эки-үч жыл төшөктө жатып, дарыланууга муктаж. Аларга мамлекет тарабынан жардам берилиш үчүн атайын статуска ээ болуу керек экен.

Октябрь окуяларында 30дай бала көзүнөн жабыркады, колунан айрылган бир бала бар. Жабыркагандар оор акыбалда тургандыктан, дарыланып туруу керек. Ушул себептерден бул маселени көтөрүп чыгуудабыз. Мен өзүм дагы бутум жакка граната жарылып, бир ай ооруканада жаттым. Азыр жакшы басып кеттим. Биздин коом ноябрь айында түзүлгөн. Азырынча президенттен жоопту күтүүдөбүз",- деп билдирди Алмазбек уулу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(32)
16.02.2021. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Анда Оштогу июнь коогалаңындагыларга дагы бериш керек, баатыр наамын берип баркын кетирбегилечи болбогон нерселерге.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: