super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Минтингди уюштургандарды кармоо үчүн күч органдарында телефондук сүйлөшүүлөрдү угуу укугу болуш керек"

 

Минтингди уюштургандарды кармоо үчүн күч органдарында телефондук сүйлөшүүлөрдү угуу укугу болуш керек. Бул тууралуу 9-октябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди. “Кумтөр” маселесин чечүү үчүн бийлик өкүлүн барымтага алышып, баш аламандык уюштурушту. Бул террорчулук"  деген мамлекет башчы: “Бейбаштык кылып жазасыз калабыз деп ойлошсо, жаңылышат. Баш аламандыкты уюштургандар жооп бериши керек. Барпы айылыбы же Саруу айылыбы, айырмасы жок. Чынында, бүт айыл деле эмес, чогулган адамдардын топтому. Ким каражат берип, арматура алып келип, болбогон убадаларды берип жатат? Алар көмүскөдө гана турушат. Аларды жоопко тартыш керек. Бизде демократия болгондуктан, телефондогу сүйлөшүүлөрдү угууга тыюу салынган. Көмүскөдөгүлөрдүн ордуна катардагы адамдар жооп берип жатат”,- деди ал. Мындан сырткары митингдер Кыргызстанды өнүктүрүү максатында эмес, талап-тоноо максатында уюштурулуп жатканын кошумчалады. “Май айындагы Жети-Өгүз районундагы митингдин уюштуруучулары түрмөдө отурушат. Бүгүнкү митингди уюштургандар да отургузулуп, жазаланышы керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: