super.kg logo

Жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган мугалимдерге жөлөк пул төлөнө электиги шаардык кеңеште айтылды

 

Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын бүгүнкү отурумунда мектептерде окутуу калыбына келтирилгенден кийин жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган мугалимдерге кошумча жөлөк пул төлөнө электигине байланыштуу нааразычылыктар айтылды. Бул тууралуу жыйындын төрагасы Казыбек Эргешов отурумда билдирди.

Маалыматка ылайык, туруктуу комиссиянын жыйынында Казыбек Эргешов, оффлайн режиминде иштеген мугалимдерге кандайдыр бир кошумча акы төлөнөбү? деп сураган. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева кошумча акы бериле электигин билдирди.

“Мектептерде COVID-19 инфекциясы мугалимдерге жуккан фактылар бар. Эмне үчүн тобокелдик аймактарында иштеген дарыгерлерге кошумча акы төлөнөт, ал эми мугалимдерге жок? Каттарды даярдап, жумушчуларыңардын укугун коргогула”, - деди Казыбек Эргешов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.02.2021. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура , молодец
16.02.2021. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: