Бишкектеги мектептерди кадимки окутуу режимине өткөрүү боюнча ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүү сунушталды
Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын бүгүнкү отурумунда мектеп, бала бакчаларды кадимки окутуу режимине өткөрүү боюнча ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүү сунушталды. Бул тууралуу жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешов билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу жыйынында окуучулардын салттуу режимге өтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Анда мектепте окуучуларды шахматтык түрдө отургузуудан эч майнап чыкпастыгы айтылып, тыныгуу убагында аралашып калышаары белгилүү болду. Статистикага караганда, үйдөн окуп жаткан окуучулар арасында коронавирус көбүрөөк чыгып жатканы, ошондой эле бул маселе боюнча ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлүп анын жыйынтыгына карап иш алып баруу зарыл экени айтылды.
"Ата-энелерден сурамжылоо жүргүзүү керек, алар балдарынын ден соолугу үчүн жоопкерчилик алууга кол коюуга даярбы же жокпу. Андан кийин канча бала мектепке жана бала бакчага кайта алаары жөнүндө маалыматтар болот. Жалпы сумманын 15-20 пайызы болушу мүмкүн, андан кийин процессти улантууга болот. Мындан тышкары, бул учурда күн алыс окуу үчүн алты күндүк окуунун мүмкүнчүлүгүн карап көрүңүз”,- деп Эргешов мэриянын жана Мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнө кайрылды.

