super.kg logo

"Өлкөдө абал туруктуу, бирок бет кап тагынуу режимин сактоо зарыл" дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары

 

Бир суткада 85 адам коронавирус илдетинен сакайып чыкса, 48 жаран аталган илдетке кабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, өлкөдө абал туруктуу, бирок айтылган аралыкты сактоо, бет кап тагынуу эржелерин сактоо кажет.

"Европа өлкөлөрүндө коронавирус илдети бир аз басаңдагыны айтылып келүүдө. Коңшу мамлекеттерди алсак, Орусияда бир ай ичинде дээрлик эки эсе азайгандыгы маалымдалып жатат. Ал эми Казакстанда 1000-1500 адамдан илдет аныкталып жатса, акыркы маалыматтарда сутка ичинде 607 адамдан аныкталганы айтылды.

Коронавирустун жаңы жугуштуу түрү дүйнө жүзүн дагы деле кооптондуруп келе жатат.

Бизде салыштырмалуу абал туруктуу. Ошого карабастан айтылып келе жаткан эрежелерди сактап турушубуз керек",- деди Нурболот Усөнбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: