"ЭЛДИК КАБАРга жооп": "ЛОР-врачтын орду бош деп вакансия жарыялаганбыз, бирок дарыгер табылбай жатат" дейт директордун орун басары
Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Чүй облусунун Москва районунун тургуну райондук бейтапканада бир да ЛОР-врач жок экенин айтып кайрылган.
Бул боюнча Беловодск аймактык бейтапканасына байланышканыбызда, эки ай мурун ЛОР-врачтын декреттик өргүүгө чыгып кеткендигин, оорукана жетекчисинин орун басары Надежда Белоглазова билдирди.
"Биз ЛОР-врачтын орду бош деп вакансия жарыялаганбыз. Бирок азырынча жаңы дарыгер табыла элек. ЛОР-врач жеке борборлордо бар андан сырткары кээ бир үй-бүлөлүк дарыгерлер жардам бере алышат",- деди Белоглазова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.