super.kg logo

Пара талап кылуу менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды

 

Пара талап кылуу фактысы менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

15-февраль күнү УКМК Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.А. жана анын шеригинин жашаган үйүнө жана иштеген жерине санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү.

"Такталгандай, 2020-жылдын ноябрь айынын аягында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочусун 19 куту гашиш баңгизаты менен кармаган. Бирок кызматкер А.А. шектүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн ири суммадагы акча талап кылып анын бир бөлүгүн буга чейин алган. Ал эми баңгизат кызматкерде калган. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында, А.А.нын кызматтык бөлмөсүнөн жапайы кара куурайдын жыты бар 2 баштык жана 14 даана белгисиз калибрдеги ок-даарылар табылган. Кармалган А.А. атту кызматкердин жашаган жеринен Стечкин автоматтык тапанчасы, 9 мм калибрдеги 29 даана ок-дарылар, белгисиз куралдын магазини, 3 флэш-карта жана 2 CD-Диск, "жашыруун" жана "өтө жашыруун" деп белгиленген көптөгөн расмий документтер табылып алынган. Ошондой эле аталган А.А. жана Я.А. аттуу шеригинин жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, «Наган» револьверинин 7,62 калибриндеги 29 ок табылып алынган. Табылып алынган далил заттардын бардыгы тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар кармалган, бирок Чүй облусунун прокуратурасы кызматкерлерди камакка алуудан баш тартуу чечимин чыгарган",- деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: