super.kg logo

Аламүдүндө тургунду унаага салып, бычак менен коркутуп телефонун тартып алган шектүүлөр кармалды

 

Чүйдүн Аламүдүн айылында түн ортосунда айыл тургунун унаага салып, бычак менен коркутуп телефонун тартып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмүнө аталган айылдардын биринде тоноо фактысы катталганы боюнча маалымат түшкөн.

Дароо айтылган жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, маалыматты тактаганда 2001-жылы туулган А.О. аттуу жаран белгисиз үч жаранга чара көрүүнү суранган. Анда ошол эле түнү саат 03:30 чамасында аны Хонда Фит унаасына отургузуп, бычак жана кастет менен коркутушуп, телефонун тартып алышкан. Андан кийин жабырлануучу унаадан секирип түшүп, милиция кызматына кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Териштирүү ишинде шектүү катары Б.К. жана Т.А. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин сот алардын баш коргоо чарасын карап чыгып, үй камагына чыгарган. Ал эми үчүнчү шектүүнү чет жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошоткон.

Ошондой эле буга чейин Б.К. аттуу шектүү уурулук менен соттолуп, жазасын шарттуу түрдө өтөп бүткөн. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: