Бишкектин жети конушунда мобилдик клиникалар уюштурулду





Бишкек шаарынын жети конушунда 15-февралдан 27-февралга чейин мобилдик клиникалар уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ден соолук иш-чаралары Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругун, мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемесинин жана ГАВИнин каржылык колдоосу менен "Бишкек шаарында COVID-19 шартында көчмө эмдөө жүргүзүү жөнүндө" буйругун ишке ашыруунун алкагында өтүп жатат.
Мобилдик клиникаларда педиатр, терапевт, гинеколог жана эмдөө бөлмөсүндөгү медайымдан турган мобилдик клиниканын жана лабораториянын кызматкерлери эки апта шаардыктарды кабыл алат:
16-февраль Көлмө конушунун Максат көчөсү 40а дарегинде;
17-18-февраль аралыгында Ала-Тоо конушунун Көк-Кыял көчөсү 42 дарегинде;
19-февралдан 20-февралга чейин Касым конушунун Кайназарова көчөсү 102 дарегинде;
22-февраль Ак-Ордо конушунун Тунук көчөсү 10а дарегинде;
24-февраль Калыс-Ордо конушунун Калыс-Ордо көчөсү 109-1/2 дарегинде;
25-февраль Көк-Жар конушунун 3чү үйүнүн жер төлөсүндө;
26-февралдан 27-февралга чейин Ак-Жар конушунун 8чи, Ак-Бата көчөсү 52 дарегинде.
"Эмдөөнүн жардамы менен адам жугуштуу ооруга каршы иммунитетке ээ болот. Вакциналар организмди өзүнө тиешелүү инфекциядан же оорудан сактоо үчүн иммундук системди стимулдаштырат. Иммунопрофилактика "Жугуштуу оорулардын иммунопрофилактикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.
Профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарынын алкагында вакцинанын профилактикасы 12 вакцина менен алдын алуучу инфекцияларга каршы жүргүзүлөт (кургак учук, полиомиелит, вирустук гепатит "В", дифтерия, селейме, көкжөтөл, кызылча, "б" түрүндөгү гемофилдик инфекция, пневмокок, ооз көңдөй инфекциясы, эпидпаротит, кызамык).
Анын натыйжасында акыркы 15 жылда Бишкекте дифтерия, полиомиелит жана селейме оорусу катталган жок. 2020-жылы кызамык жана дифтерия менен ооруган учур катталган жок", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, COVID-19 пандемиясына байланыштуу бардык профилактикалык иш-чаралар, анын ичинде Улуттук эмдөө календарында каралган профилактикалык эмдөө токтотулган.

